балгын2

китептерде 4 жолу, 4 китепте балгын 1 →
  1. диал. Апакай, болук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Табылгы,четин, аралаш, / Жылгын, балгын,чамалаш, / Чычырканак, эчки тал, / Мал өтө албайт аралап, / Жер бетинен мындайды, / Адам уулу таба албайт, / Мындай сонун конушун, / Жат душманга кыйалбайт, / Кол салып келген ким болсо, / Койгулашпай туралбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
– деп, / Үрбүнү тартып жиберди, / Камчынын көгү жетиптир, / Бети айрылып кетиптир, / Аркасына бурулса, / Мөндүлөгөн көп калмак, / Мөндүрдөй болуп эт талап, / Жылгын шишин колго алып, / Жыла басып баратат, / Балгын шишин колго алып, / Балпаңдай басып баратат... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тамактын жайы мамындай, / Ойунда терең, талы бар, / Адыр ичи бүт ыргай, / Табылгы, четин аралаш, / Балгын, жылгын дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ак-Суунун башы балгынды, / Ак-Байтал, Кең-Суу салкынды, / Айтпай кантип коёюн, / Ашыктыктан дартымды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →