балбыра
- Чың эмес, бош, шалкайыңкы же балкыган, шайманы кеткен алсыраңкы абалда, көрүнүштө болуу.
- Кең, көлөктөгөн же көлтөйгөн кенен, шөлбүрөңкү көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ламанын көзү жалдырап, / Кеп кыла албай жалдырап, / Шорпо ичкендей тер агып, / Беттеринен балбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арамы жок ак ниет, / Кишилердин денинен, / Тер чубурду балбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бири саргыч жалбырак, / Минген атың куланын, / Тумшугунан куйрука, / Бүт териси жок турат, / Күнгө күйүп жалтырап, / Ириң агып балбырап, / Өзү кичик болсо да, / Жаба салсаң жалбырак, / Бүт баарына жабылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Караанын көрүп Бакайдын, / Күлчоро менен Сейитек, / Үнүн угуп балдардын, / Тил байланып балдырап, / Каныкей тиктеп жалдырап, / Эмчеги тээп зыркырап, / Сүт куйулат балбырап, / Күлчоро менен Сейитек, / Чуркап жетти алдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Баарын кайра кылдады, / Өңү сары, тосток көз, / Бети жайык балбырак, / Ээрди калың шалбырак, / Баланын баарын таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →