балбылда
- Алоолонуп, же жарык берип, нур чачыратып турган көрүнүштө болуу.
- өт. Бал-бал эткен, нурданган, жоодураган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз турат жалдырап, / Мууну кетип шалдырап, / Жөнөп кетти хан Калдык, / Каруу жарак калдырап, / Тайарланып Бекбача, / Оттой көзү балбылдап, / Кыл мурутун имерип, / Он эки ороп кулакка, / Муруттун ичи иймейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лап, / Манжулап Бодоң бакырып, / Кирип келди кысталак, / Бекбачаны качырып, / Бекбачаны карасаң, / Ак мейкин зоодой зымылдап, / Асмандагы жылдыздай, / Эки көзү балбылдап, / Өңкүр кабак үнү ачуу, / Жетисуудан жем жеген, / Умтулганын узатпас, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Ак жолборстой сүрдөнүп, / Күүгүм…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Келин каш болуп таң сүрүп, / Зырылдап салкын жел жүрүп, / Күн чыгыштан балбылдап, / Кыпкызыл болуп от күйүп, / Кызылдан барып сүрүлүп, / Жаркырап чыкты күн тийип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кумдун бети жалындап, / Эр чырагы эки көз, / Маңдайында балбылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Учунан жалын балбылдап, / Өрт чыгып мизи жалындап, / Көргөндө мындай шумдукту, / Алыке менен Сатыке, / Коркуп калды калтылдап, / Муунуна кирип калтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →