балбаңда
- Оор салмак менен кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таамай сайган Таабалды, / Калдаң өңдүү балбанда, / Кыймылдаар шай калбады, / Бучкактан каны куйулуп, / Камчы саптай чубуруп, / Өбөктөп атка шылк этип, / Бучкактан мөжүк кан кетип, / Оодарылып атынан, / Жерге түштү жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– деп, / Кулжа менен караандаш, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Эр Алмамбет далдаңдап, / Багалеги балбаңдап, / Бычактай кара корумда, / Койуп барат тартаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…көйрөңсүп, / Дакдаңдаган Тапан хан, / Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаган Тапан хан, / Ат баскан бака көздөнүп, / Тостоңдогон Тапан хан, / Бойу бокор, үнү жоон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Маңгыттан чыккан балбанда, / Өнөрү жок андайда, / Элкиндеп келген Мөндүрдүн, / Кортоңдогон өлгүрдүн, / Көмө сайам, деп келген, / Баланын көрдү өнөрүн, / Ойлобой Мөндүр өлөрүн, / Камчыла…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →