балбандык

китептерде 38 жолу, 8 китепте
  1. Балбанга таандык сапаттар, күчтүүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тан кулады, / Калдалаңдын боордошу, / Кортоң карап турбады, / Баатыр төрө Асылга, / Качырып найза сунганы, / Айбатын көрүп маңгыттын, / Бала төрө жолборстун, / Балбандыгы кармады, / Мен-мен деген немесин, / Эки имерип сайбады, / Калдалаңга улады, / Он экиси сулады, / Тоодой болгон нечен дөө, / Томорулуп кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Далдалап жаның ор казып, / Жер алдынан жол казып, / Баатырга балта чапканың, / Балбандыкбы, ой, калмак?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Тегирмендин барадай, төрөм, / Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм, / Ак олпок кийбей аттанып, төрөм, / Адашып кандай жөнөдүң төрөм, / Баатырлыгың башкасың, төрөм, / Балбандыктан ашкансың, төрөм, / Бастырып үйдөн чыкканда, төрөм, / Акылыңдан шашкансың, төрөм, / Көзкаманды баккансың, төрөм, / Хан болуп мында жаткансың, төрөм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртең абдан билем, деп, / Эрикпеген Кара дөө, / Кара бойу бир дөбө, / Баатырлыгы бөлөкчө, / Балбандыгы бир канча, / Атын байлап суутуп, / Ал да жатты аскада. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бала жолборс ант ургур, / Баатырдыгы башкача, / Балбандыгы бир канча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →