балбакта
- Кенен, чоң болуу (кийим жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойун жыйбай далдактап, / Жыгылып-кооп калдактап, / Бага элеги балбактап, / Мурду көөп барбактап, / Чокморго кетип баратат, / Тоногон төөдөй тартактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…андан буйрук алыптыр, / Кадырлуунун бири эле, / Калдалаңдап калдастап, / Апкаарый сүйлөп алдастап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Эки буту салбактап, / Этеги кетип балбактап, / Таноосу көөп барбактап, / Ат өлтүрө чапкылап, / Кара тер басып дардактап, / Чойтолоңго чокчоңдоп, / Картыке жетип барыптыр: / — Бирге жүрүп, бирге өскөн / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баатыр Тапак талпактап, / Этектери далбактап, / Булагайлап жеңдери, / Шамал чыгып салбактап, / Кең багалек кайыш шым, / Топурак учуп балбактап: / — Эреним Сейит, кайдасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →