баласын
- Балага окшоо, баладай болуу, өзүн бала катарында эсептеп аракет кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бетин ачып шыкаалап, / Баласын байкап караса, / Жан үзүп койгон немедей / Эти муздап кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Таласка кбар кылайын, / Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, / Амалын мунун кылар, — деп, / Каныкей, Бакай угаар, — деп, / Кандайда болсо түйүнүн, / Карылар чечип чыгаар, — деп, / Шер Сейтек келер, — деп, / Баласын көрсө абакем, / Кетпей калар бекем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карап калды Каныкей, / Ээрчип карап баласын, / Эки көзүн жаш кылып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кышында жолчулар түн баласында жарытып уйку көрбөйт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Улуу баласынын аты – Ормон, ортончу баласыныкы - Коргон, кичүү баласыныкы - Болгон экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →