баласыз
- Баласы жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төштүктөн өзүң турасың, / Кошойдон турат Бактыбай, / Сынчыбектин элинде, / Өзбектерден далай бар, / Керкөкөүлдүн Тетиги, / Бирде болуп, бирде жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Букардагы Кара хан, / Ысмайыл өтүп баласыз, / Баары чыкты катардан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баласыз калган кишинин, / Угаары ушул кеп беле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Мен баласызга бала болоюн, ботосузга бото болоюн деп жүргөн жанмын, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир-чал болгон экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →