балапан

китептерде 59 жолу, 10 китепте
  1. Канаттуулардын жөжөсү, баласы.
  2. өт. Жаш өспүрүм, бөбөк, али жаш, жаш бала, баралына жете элек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Заманды Асыл бет келди, / Ал Заманды ойунда, / Жаш балапан Асылды, / Кармап кетем, деп, келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күүлүү найза нетиптир, / Бөйрөктү тепчип кетиптир, / Карчытынан тешилип, / Кош бөйрөгү эзилип, / Желип чыкты Дабытай, / Карышкырдай эсирип, / Жаш балапан жоголду, / Келе жаткан жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куу өрдөктү алганда, / Карып калды өрдөк деп, / Арамзада Коңурбай, / Бир балапан өрдөктү, / Кошо багып жүрүүчү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арпанын башы жайыктан, / Зуңконун зоосу туйуктан, / Музой Калча алыптыр, / Бүркүт тууган уйадан, / Ак ийин деген балапан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Канаттуунун баарысы, / Балапанын учуруп, / Кетер чагы болуптур, / Жаркыраган жай кетип, / Өтөр чагы болуптур, / Суунун бети муз болуп, / Тоңор чагы болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →