баланча

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Кандайдыр бир белгисиз бирөөнү, тарапты, жерди, нерсени, конкреттүү болбогон санды, өлчөмдү, убакытты, жалпы айтылган сөздү билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нди бүлдүрүп, / Шумкар салып, куу алып, / Ак сакалдуу карыга, / Тартуу кылып алпарып, / Алып барган азамат, / Айры өркөчтөн төө алып, / Азуусу тутам ат алып, / Баланчага куу тартып, / Төө жетелеп, ат минип, / Келатам деп мактанып, / Айу кармап алганы, / Ээрин тетир токунуп, / Ырысы качкан немеси, / Жарак асый жылкы алып, / Бугу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бетердин айткан кебине, / Болбой Отор койгону, / Мойнун буруп толгоду, / Баланча күнү, Бетер чал / Коктукатта болгун, деп, / Күн эсебин болжоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ызу-чуу түшүп бакырып, / Ырысыңа эл- журтум, / Эр Кененим келди, деп, / Бирин-бири чакырып, / Сен баланча келгин, деп, / Атынан атап акырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырк чанач кымыз киргизип, / Эр башына бир кесе, / Сыр айактан тийгизип: / Чактабай кымыз ичирип, / Чарадай айак сунушуп, / Каргыт дешип урушуп, / Баланча кыйын ичти, деп, / Байандаша турушуп: / Кызымтал болуп дуулашып, / Күлкүгө күлкү улашып, / Олтурган орчун бийлери, / Сүйлөп жатса билгенин, / Түрүлүү эшик маңд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катын баакы кишинин, / Кайраты болбойт бойунда, / Акылы болбойт ордунда, / Баланча катын ыктуу эле, / Баланча катын сулуу, деп / Ошол болот ойунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →