балан
- Кимдир бирөөнү, кандайдыр бир нерсени, белгисиз тарапты эскерүүдө кандайдыр бир айтылган сөзгө шилтөө берүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алың келбей урушуп, / Айабадың малыңды, / Айабадың барыңды, / Алып келдиң тартууга, / Алдейлеген балаңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кийин тарта берерде, / Кайран Көкөй жетти эле, / Тааныбайт аны Медеркан, / Балаңды көрө кеткин, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Талана, барсаң барып кел, / Бачымыраак кайтып кел, / Керээз ашың ичип кел, / Өлүм тонуң бычып кел, / Кеңешиңди салып кел, / Катын -балаң бар болсо, / Ыраазылык алып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Олжого кетти Айчүрөк, / Жетисууда төрөлүп, / Ат көтөргүс зор болду, / Жалгыз балаң Сейтек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сенин балаң менмин — деп, / Алоокенин кичи уулу, / Алтымыштын кенжеси, / Ороккырга теңмин — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →