балалык
- Бала кез, бала чак.
- өт. Бала мүнөздүүлүк, баланын ишин кылгандык, кагылбагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балалык кылып калтаарбас, / Кызыл кан агып чайкалса, / Кылчайып артын карабас, / Асман тиреп от күйсө, / Башын тартып жалтанбас, / Баатыр экен кызталак, / Тентип кетсек ар кайда, / Теңдешип ага ким чыдайт?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргызга барып жеңдирип, / Сатайга такты миндирип, / Жаралуу болуп Батайың, / Кан жөткүрүп Катайың, / Балалык кылып ой кыска, / Ал экөөнүн, Каратил, / Кай кылыгын айтайын!, / Кубалап ийди Оторду, / Качып Отор жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чыпылдап бетин тер басып, / Сейити бердим дегенде, / Ант урган жөөт Сулаймат: / — Мен ыраазы, балам сага, / Көөнүмдү кубанттың, / Балалыгын, билгиздиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Азыраак гана иш үчүн, / Алдыма келип бүгүлдү, / Арстандык кылып Семетей, / Абыке менен Көбөшкө, / Астили сырың айтпагын, / Балалык кылып шашпагын, / Балтыр эти толсун деп, / Балам, сени сактадым”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →