балалуу
- Баласы бар, баласы көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттуулары алдырап, / Чаап кирип кеталбай, / Балалуу турат жалдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…тар, / Күнөстө чыдап тура албай, / Актокойго келип мен, / Актокой атын өчүрдүм, / Буурултокой ат койдум, / Келгели жаман болбодум, / “Куубаш Жакып” дечү эле, / Балалуу Жакып мен болдум, / Өзүм кары бала жаш, / Багың артык кишисиң, / Мал-пулду алып алдыңа, / Сага келдим мааналап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жыйырмага кыз балдар, / Экиден-үчтөн балалуу, / Болуп калар убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →