балакта
- диал. Ээ-жаа бербей ыйлоо, шолоктоп ыйлоо.
- Сүйүнгөндөн ыйлап жиберүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балтырым тартып балактап, / Булчуңун тартат булкулдап, / Болуп калган окшонот, / Уруш кылар бир убак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Түндө уйку келбеди, / Жүрөгү тойлоп турбады, / Балтыры тартып балактап, / Алаканы кычышып, / Кененим болду тынч албас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Белдүү чочко Коңурбай, / Ок өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балактап, / Кең майданга бу капыр, / Кирип келди алактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөдөнгө батпай жүрөгү, / Колуна тийип тилеги, / Келе жатат Куунайза, / Ташты жарып илеби, / Тарамышы балактап, / Жеңине батпай билеги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суркойон менен балактап, / Жаралуу болгон Толтойдун, / Эси кетип салактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →