балакеттүү

китептерде 19 жолу, 5 китепте
  1. Балакети бар, кырсыктуу, коогалаңдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырың мойнун бурганда, / Балакеттүү Торгойго, / Таң агарып күн чалды: / Алты менен тогуз жыл, / Унутулуп ал калды, / Айланасын караса, / Жайнаган кызыл гүл алды, / Жарылып кетчү немедей, / Жүрөгү балкып кубанды, / Бастырганын биле албай, / Балакет Торгой кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көкала минген кең далы, / Көп жигиттин сардалы, / Булкуш канын бурдаган, / Бул дагы кыргыз балбаны; / Арзан киши бул эмес, / Акбалта Дөөнүн баласы, / Мындан бийсиз иш кылбайт, / Балакеттүү Манасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балакеттүү Бейжиндин, / Адам билбес сыры бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Балакеттүү бир тоосу, / Пайда болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мына ошондо жанагы балакеттүү бала төрт арабанын ичинен сиздин кызыңызды таап алсын,эгер таба албай калса, сиздин убадаңыз кайра кайткан болот да,кызыңызды өзү каалаган кишиңизге бересиз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →