балакеттей
- Абдан укмуш, кыйын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…көз жайнап, / Өчөшкөнсүп Акыга, / Ого бетер күн кайнап, / Алдында минген Сур аты, / Айак серпер ал калбай, / Кыймылдарга шайы жок, / Былк эте албай турганда, / Балакеттей Жетилбай, / Балтаны алып колуна, / Кыйа тартып чуратып, / Балта менен башка чаап, / Жетилбай аты азыр тың, / Жаңы келген майданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баш аламан урушту, / Балакеттей жумушту, / Олпок-тоону булушту, / Соотторун жулушту, / Жакасынан алышып, / Жан айабай салышып, / Кызыл жайан кан кылып, / Жаактарын жарышып, / Бүктөй кармап камчыны, / Оройлото жабышып, / Аттан түшө калышып, / Орой-торой чалышып, / Ийиндешип тирешип, / Эки күн жүрдү күрөшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →