балакет

китептерде 53 жолу, 10 китепте
  1. Балаа, кырсык.
  2. өт. Айлакер, амалдуу, кыйын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топчулуксуз тондору, / Жайылып кетти далбактап, / Найза менен сайганда / Балта менен сайдырбай, / Калдык кайра какканда, / Талкаланып найзасы, / Куру кол болгон чактарда, / Балта менен балакет, / Кардын жара чапты анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырың мойнун бурганда, / Балакеттүү Торгойго, / Таң агарып күн чалды: / Алты менен тогуз жыл, / Унутулуп ал калды, / Айланасын караса, / Жайнаган кызыл гүл алды, / Жарылып кетчү немедей, / Жүрөгү балкып кубанды, / Бастырганын биле албай, / Балакет Торгой кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Бузулуп өңү сур чалып, / Буттай темир курчанып, / Кара буурул ат минип, / Каттай темир кийинип, / Баатырлыгы билинип, / Бастырып чыкты эр Сакта, / Балакет баскыр жекеге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Кытайлыгын кылбасын, / Мен өлсөм мейли бир башым, / Тууган элим - алашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балакет Чанак ошондо, / Такыр колтук бакалоор, / Каракуштан жаралуу, / Ачыган жаны бадырек, / Жаралуу болгон каман бул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →