бал1
- Ширелүү гүлдүү өсүмдүктөрдөн аарылар аркылуу иштелип чыгылган саргыч түстөгү илээшкек, коюу, таттуу зат.
- өт. Ширелүү, таттуу, даамдуу.
- өт. Уккулуктуу, жагымдуу, сүйкүмдүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Эрежеде экиге / Сурак жок, балдар, билгиле, / Жаш бала менен жиндиге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол спискада байлардын, жакшылардын балдарынан кирген бирөө барбы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →