бакырай
- Көздү чоң ачып кароо, бадырая тиктөө, алаюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балам деймин өзүңдү, / Бакырайган көзүңдү, / Баатырлыктын чени бар, / Байкап көрчү сөзүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрлигимди билсин деп, / Тирүү кууйт өзүңдү, / Өлгөндөрдү көрсүн деп, / Бакырайтып көзүңдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Көз бакырайган бир кара катын ички үйдөн чыгып келип, эшигине туура тура калды да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деди көзү бакырайып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кошту токтотуп коюп, Мукбул көзү бакырайып ата-энемди кыйратып сөгүп, муштумун камдап мени көздөй басып келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →