бакыр1

китептерде 328 жолу, 10 китепте бакыр 2 →бакыр 3 →
  1. Материалдык, же руханий жардамга муктаж адам.
  2. Кедей, жарды.
  3. Мусулман окумуштуулары, акындар, китептерди көчүрүп жазуучулар, ошондой эле аскеттер, суфизмдин өкүлдөрү жупунулугун, жөнөкөйлүгүн баса белгилеш үчүн өздөрүн бакыр (факир) аташкан.
  4. Бечара, байкуш, карып.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…у менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп, / Кызылкыз турду тостойуп, / Жылызды чакыр дегенде, / Бакшынын баары мостойуп: / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп бакырат, / Баатырлык кана, эс кана? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бабедин деп бакырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →