бакылда
- Бак-бак этип сүйлөө, үнүн катуу чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ким да болсо душманга, / Чоң бүлүктү салайын, / Муну ойлоп Кызылкыз, / Кылымда мындай табылгыс, / Кирип келди жакындап, / Кең майданда Чакмакташ, / Уруш кылып бакылдап, / Майданга барбай Кызылкыз, / Хан Кетиркей алдына, / Келип айтты саламын: / Билбесе да Кетиркей, / Жүзү жылуу адам, — деп, / Дайынын сурап калыптыр: / Кайдан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн чачырай алышкан, / Бешимге калды жакындап, / Арстан Манас акырып, / Катуу сүйлөп бакылдап: / — Күрөшүп жүрүп күлгөндү / Ким көрүптүр сендейди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желмогузду кубалап, / Мында келип турупсуң, / Тиши барат шакылдап, / Тилин салып бакылдап, / Желмогуз ошол турбайбы, / Аңкоолугум курусун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Калканга найза такылдап, / Туулгага балта чакылдап, / Баш аламан урушта, / Баатырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Курун салып мойнуна, / Бата берип барылдап, / Бала жолборс Семетей, / Турганда минтип бакылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →