бакый

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Зор, чоң болуп көрүнүү.
  2. Атоочтук формада: бакыйган залкайган, чоң келбетинен келген.
  3. Көрүнүктүү, белгилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көк жору учат калкылдап, / Ителгиси баркылдап, / Карагай, кайың талында, / Терек, чынар - баарында, / Куш отурат закыйып, / Төө куйрукту кучактап, / Үкү жатат бакыйып, / Жүдөмүш деген канаттуу, / Жүндөрү узун саксайып, / Көрккө түшүп көргүн деп, / Бүркүттөр турат далдайып, / Көп жандар бар ал жерде, / Көзү жыртак акыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йткандын баары маскара, / Жемге тойгон кажырдай, / Мүрүсүн салып лакыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Төө куйрукту кучактап, / Күндүз жаткан үкүдөй / Жайнап көзү бакыйып, / Сүйлөп жатып Тазкара, / Күлүп кетет каткырып, / Туруп калат мостойуп, / АлдыНкы ээрдин кубартып, / Жерди карап томсоруп, / Албан түрдүү кубулуп, / Тазкараны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →