бакчай
- Багалчагынан келип, бекем, тың көрүнүштө болуу, тыгырчык тартып күүлүү-күчтүү абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Күңгүрөнүп күүлөнүп, / Күрмөөгө тили так келбей, / Күдүңдөп чочко сүйлөнүп, / Селдей болуп түйүлүп, / Артынан чаңы сүрүлүп, / Эки көзү чакчайып, / Сакалы ача бакчайып, / Танак мурду дердеңдеп: / — Мен да сендей эрмин, — деп, / Менден качып, Кененим, / Так кырк күнү талаада, / Кайда жүрүп келдиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бөөрү ичигин жамынып, / Абышкалар бакчайып, / Элечеги казанадай, / Сүлөөсүн ичик жамынып, / Байбичелер чалкайып, / Белдемчи жерде чубалып, / Барынча кийип буралып, / Жубандар басып залкайып, / Акыректе …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп дүрбөлөң бакырып, / Кең майданды жаңдатып, / Төөсүн минип тартайып, / Дык тийбеген бетине, / Сакалдарын бакчайтып, / Чачы түшкөн белине, / Шамал ыргап саксайтып, / Күчөп жаман акырат, / Кара жанды кашайтып: / — Менин атым Дүрбөлөң, / Сейит, кеттиң дүйнөдөн, / Барып бер деп айта албай, / Тапан хан менден сүрдөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карылары бир башка, / Сакалдары бакчайып, / Семизинен басалбай, / Курсагын сылап чардайып, / Кең сабадай кемпирлер, / Элечеги заңкайып, / Жубандары суйкайып, / Келиндер басса суйсалып, / Кыздар басса …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →