бакча1
- Көз салынып, багууда болгон кичирээк бак-дарактуу жер, бак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деди, / Тапшырсын минер тактаны, / Кирдетип Сатай койгондур, / Кулпунта албай бакчаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ан көлдөй чайкалып, / Кыргыз уруу дегендер, / Коркпой баары кубанып, / Кош болушуп дууланып, / Кулак-мурун тундуруп, / Ач кыйкырык чуу салып, / Чалдардын баары бакчаңдап, / Жаштардын баары чакчаңдап, / Кең көкүрөк сом далы, / Балбандын баары дагдаңдап, / Сакалы актар жайкалат, / Мингени жорго чайпалат, / Чыгып жатат калмактар, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Момунжандан келатып, / Көргөн кызы ал экен, / Гүлчоро берип көрсөткөн, / Сүрөттө кыз дагы экен, / Жөтөлүп койду Айчүрөк, / Гүлнар өтө сак экен, / Баш көтөрүп Гүлнар кыз, / Чүрөктүн көрүп караанын, / Эсине алды ошондо, / Бакчадан көрүп калганын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Серүүн булак бакчага, / Басып барды Чачыкей, / Жеңин жерге сүйрөгөн, / Желбегей басып үйрөнгөн, / Алтынга бойун шыбаган, / Талдай бели буралган, / Чачыкейди Айчүрөк, / Көрүп туруп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кереге-уугун үйлөрдүн, / Журтуна таштап салыңар, / Тийбей ташта тактасын, / Жибектен кылган бактасын, / От кетпесин туташып, / Абдан кара бакчасын, / Сомбилек менен Төтөгө, / Өздөрү билип башкарсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →