бактылуу
- Багы ачылган, таалайлуу, багы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактылуу сендей хан болуп, / Чукул бизге жар болуп, / Колдогон киши бар болсо, / Корко турган кеп эмес, / Куураган жанды мен айап, / Туруп алчу мен эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Бактылуу менен байлашып, / Багың тайды, билбедиң, / Күчтүү менен күрөшүп, / Күчүң жанган кезегиң, / Саа береби Каныкей, / Сабылып көчүп не келдиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баарын айтып бабырап, / Конушбай байкуш жалынды, / Бактылуу бала баатырга, / Талаадан чоро табылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кээде кыялданып келип жакын арада мындан куткара турган алдымдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай толкуп, өзүмдү бактылуу сезем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →