бакма

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Колго багылган.
  2. Асыранды.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…— Алжан, алчын – эки урук, / Сыртынан кыргыз биз болуп, / Жашырбай чынын айтканда, / Баш көтөртпөй барыңды, / Мадыбекке кул болуп, / Сомбилектин Чигитей, / Ага бакма уул болуп, / Кечээ жарадар болуп келгенде, / Көөнүмдөн кеткис меники, / Мадыбек айткан кептери, / Айрыкча кетпейт көөнүмдөн, / Мадыбекти кубаттап, / Көкөй каты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытай айтты канча кеп, / Саламатты табалап: / “Үч атаңды кыргыздар, / Канын чачты агызып, / Элин бузду чачылтып, / Бакма кызга алданып, / Сен жүрөсүң маминтип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Минерине бир жылкы, / Калганы жок угуп кал, / Кара аскердин баарысы, / Жөө калышты салпаңдап, / Жөө басып барсак калың кол, / Бакма каздай талтаңдап, / Аттуу алар турбайбы, / Арстандай бир жалмап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакмага берген ошого, / Семетейди ага эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Саанчы менен бакмачы, / Келбейт жакын айылга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →