бакбурчун

китептерде 12 жолу, 3 китепте
  1. Кытай императорунун титулу, кытай падышасынын наамы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайга сурак бербеген, / Кырчылдашып Чынмачын, / Дегеле алы келбеген; / Баашалуу журт Бакбурчун, / Басташып келген нечен жол, / Айдап келген дүрбүтүп, / Азар түмөн канча кол; / Анын да алы келбеген, / Түндүк жагын Кытайдын, / Түп көтөрө ээлеген, / Белдүү … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өзүм келбей Эсен хан, / Хан болгонуң баарың кел, / Чынмачын, какан калкың кел, / Бакбурчун, Туңша - жалпың кел, / Алышканды алчууң кел, / Ааламга даңкың калчууң кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажну, манжу, чоң туңша, / Баашалуу журт Бакбурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Жыргап турган Чынмачын - / Алтымыш капка жер эле, / Ар уруу кытай эл эле, / Жыйырмасын Эсенхан, / Алоокенин Коңурга, / Бөлүп берген кеп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эсенхандын көзүнө, / Жаңжүндүн баары бөлүнүп, / Кетүүчүдөй көрүнүп: / — Падыша арбак Бакбурчун, / Турасың баарың көп журтуң, / Эсенхан айткан сөздү уккун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нде нуру балкыган, / Белинде шамшар жаркыган, / Башында кийген малакай, / Уйутуп койгон алтындан, / Жалгыз кара бир башы, / Далай жоого татыган: / Жаңша арбак, Бакбурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Алтымыш капка Чынмачын, / Ушулардын баарынан, / Жазганып качан тартынган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →