бакандай

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Керилген, олбурлуу, алибеттүү, бакубат.
  2. Бир кыйла чоң, мыкты, белдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арамдын келген колдору, / Айанбай жөнөп алыптыр, / Ар бир киши колуна, / Бакандай шишти алыптыр, / Ашка сойгон малдарын, / Этине чуркап калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кутурган иттей арсылдап, / Оозунан көбүк чачылып, / Кычырап тиши карсылдап, / Каарынан капыр чочконун, / Кара жер турат картылдап, / Көрүнүп күрөө тамыры, / Чоң бакандай лакылдап, / Оозуна келген кепти айтты, / Кирген суудай шапылдап, / Угуп туруп Кара дөө, / Тура алган жок ал чыдап: / — Ажылдаган бадырек! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →