бакан
- Бир нерсени жөлөп көтөрүүгө, тирөөгө же илип коюуга ылайыкталып жасалган шыргый жыгач.
- Суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, суу көтөргүч, апкөч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыз Куйалы, Саламат, / Келип калган ал кезде, / Абаң Бакай, хан Семей, / Алымсарык баланы, / Ал экөөнө бактырды, / Торго салып Чынгышты, / Бир баканга астырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н Манасы, / Ага жолдош болуптур, / Алыскы эрен Алмасы, / Чубак менен Сыргагы, / Чоролор менен калганы, / Кеңирсип жаткан деңиздей, / Келишти мунун төрт жагы, / Бакан төрө болгудай, / Эми бизде ал барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эчки бакан абышка, / Текесин минип ашыгып, / Тушуман өтүп кеткиче, / Бир атты чаап калсам, деп, / Дегеле жаман шашылып, / Уй кайтарган уйчулар, / Бултулдатып букасын, / Бу да жөнөп алыптыр, / Төө кайтарган төөчүлөр, / Ар качан күлүк ушул деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Деп жулунуп көркө бөш, / Бакан алып жүгүрүп, / Бакайды башка салганы, / Бакайдын башы жарылып, / Атынан түшүп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бакаңды көтөргүн да, көзүмө көрүнбөй жогол!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →