бакалоор

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Кекиртектин үстүнкү жана ээктин астыңкы бөлүгү кошулушкан жер, алкым.
  2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ана-мына дегинче, / Айта-буйта кылгынча, / Ачып көздү жумгунча, / Артык туулган Асыл шер, / Он бешти сайып өттү эле, / Он алтынчы катарда, / Бакалоордун тушу, деп, / Өлөөр жери ушу, деп, / Таамай муштап жиберди, / Алкымдын безин аралап, / Мойун сөөгүн талкалап, / Жүлүнүн кыркып өттү эле, / Барча тоодой Буйтуна,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирөө жара, бирөө сак, / Куруп калган бул Сакта, / Кантер айла таппады, / Таппаганга болобу, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Бакалоордун безине, / Найза менен бир койду, / Кара буурул тулпардан, / Калпактай учуп торойду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Балакет Чанак ошондо, / Такыр колтук бакалоор, / Каракуштан жаралуу, / Ачыган жаны бадырек, / Жаралуу болгон каман бул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ат дабыртын укканда, / Очоңдогон Куталак, / Мылтыгын оңдоп алганча, / Жоодар бешим турабы, / Калмак карап аңгыча, / Толгонуп бери болгончо, / Найза менен калмакты, / Бакалоорго бир койду, / Тийактагы кулактан, / Найзанын учу жылтырап, / Үч карышча коройду, / Жер кучактап Куталак, / Ал төбөдө жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кызыл өңгөч, кекиртек, / Кошулушкан бакалоор, / Түбүнөн таарып кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →