бакала
- Жол чалуу, кароо, көз салып багуу, байкоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элчилери аттанып, / Тойундун суусун жакалап, / Кашкарга келип жатышып, / Жаңыртып атын такалап, / Эркечтам бойлоп жөнөдү, / Самарканды бакалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Махабат көлүн жакалап, / Нубасканы бакалап, / Жаткан кытай бабам бар, / Жан алгычтар анда бар, / Солк этип жүрөк козголду, / Кай жерде көрөр капам бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көп кечикпей жолго түш, / Сейит келет бакалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →