бака-шака
- Жандуу аракет, шаңдуу үнгө толгон кызуу кыймыл.
- Бакылдаган-шакылдаган үн аралаш тополоңдуу кыймыл-аракет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колтуктарын чойушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Алакан тери сойулуп, / Жаза чапкан нечен жер, / Ородой болуп ойулуп, / Бака-шака болушуп, / Балта менен койушуп, / Калдыркан кара темирлер, / Калкандары жарылып, / Балтанын сырты түйрүлүп, / Кара жанга күч келип, / Кабылан Асыл ошондо, / На…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ирин-бири алган жок, / Ат үстүнөн оодарып, / Мүдүрүлүп аттары, / Кеткени жок ажырап, / Аңгычакты болбоду, / Кыргыл баштап кырк баатыр, / Баары келди кыжырап, / Бака-шака сүйлөшүп, / Торгойдон бетер быжырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Найзалашып сайышып, / Балталашып чабышып, / Кылыч менен урушуп, / Кыйла кыргын кылыптыр, / Сом темир менен урушуп, / Соотторун жулушуп, / Олпокторун булушуп, / Бака-шака үн чыгып, / Ызгаар чыгып, сүр чыгып, / Байкаса башка түр чыгып, / Катуу жумуш кылыптыр, / Суу ордуна кан чыгып, / Каршыккандан жан чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Талаада берип меңсепти, / Таштап койуп аларды, / Бастырып баатыр эр кетти: / — Барганың менен мени ээрчип, / Баатырлык уруш башталат, / Алай-дүлөй карсылдак, / Бака-шака тарсылдак, / Чака-чука барсылдак, / Баралбайсың ал жерге, / Баш калкалап мында жат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Оң-тескери койушуп, / Баш аламан урушуп, / Бака-шака үн чыгып, / Далай соотту жулушуп, / Биринин үнүн бири угуп, / Куйкалары курушуп, / Түр салышып кырданып, / Ыңай карап турушуп, / Аманат кара бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Жарык дүйнө жалганды, / Кылчайып карай албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →