бака
- Арткы буттары секирип жүрүүгө ылайык узун, кургакта да, сууда да жашоочу жаныбар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаган Тапан хан, / Ат баскан бака көздөнүп, / Тостоңдогон Тапан хан, / Бойу бокор, үнү жоон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аттан түшүп ажырап, / Сейитек бура тарткынча, / Жана минди шапа-шап, / Эрегишип көгөрүп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган нем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алда кайда бир алыстан баканын чардаганы угулат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →