байыртан
- Байыркы мезгилден, илгертен.
- Мурдатан, мурунтадан, баштатан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ала болуп беш урук, / Алдырмак болду чогулуп, / Ушундайга ылайык, / Карылар айткан макалды ук: / «Ала болсоң алтооңор, / Алдыңдагы атты алдырдың, / Топ болсоңор төртөөңөр, / Төбөдөн жылдыз кармайсың» / Чындыкты айткан чеги жок, / Байыртан калган макалда, / Жалган айткан жери жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Искендер изин салбаган, / Илгертен киши барбаган, / Пайгамбарлар барбаган, / Байыртан киши албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п күрөгөн, / Амир Темир бир өткөн, / Анжу, манжу туңшага, / Кара калмак, кытайга, / Шибе, солон, таңгытка, / Аралап басыр көрбөгөн, Пайгамбар басып барбаган, / Байыртан киши албаган, / Чарыйар чаркы жетпеген, / Чакташып бенде жеңбеген, / Чалкалап жаткан Бейжинди, / Сен аралар жер бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Миң алтындан пул салды, / Катардагы байларга: / “Байыртан казак башынан, / Касиет калка тушунан, / Калмак менен биригип, / Короолош болгон эл элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Машы чыккан балбан эр, / Байыртан намыс алган эр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →