байыркы

китептерде 33 жолу, 9 китепте
  1. Илгерки, эзелки, Мурунку, мурдагы, баштагы, эски.
  2. Байыркы молдо табылгы чыбыгын көтөрсө, балдардын башы жерге кире түшчү эле (Сыдыкбеков).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Каракөзгө каарданып, / Акырайа бир тиктеп, / Турумбекке бет алып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Карасурду камчылап, / Качырып кирип барганда, / Акырыгы таш жарып, / Бактыбай жетти аңгыча, / Бактыбай, Калдык бет келди, / Баштан-айак жомок ыр, / Байыркынын кептери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай ме… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Укмушу бар ушундай, / Байыркынын малдары, / Ажыбайдын Күрөңүн, / Манас отко койгон, деп, / Айтылып ушул калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байыркынын нускасы, / Кандай сонун балбан кеп, / Чакырган жок башканы, / Калгандарда жок окшойт, / Өгөй татоо болгон кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…и айры бугудан, / Тоо эчкинин сурунан, / Аралашып айдашып, / Кулжа жатчу кумунан, / Тоо кийик жүрчү курбудан, / Айдап келди тайгандар, / Алтымышты мындайдан, / Байыркынын айбаны, / Адамдан артык кам кылган, / Баарысын жарып кайыптын, / Сомбилектин жанына, / Сүйрөп келип жам кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →