байыр
- Белгилүү бир жерге токтолуп, турук алуучулук, үйрөнүшүп, жайланып калгандык.
- Ынак, үйүр.
- Шайкелең эмес, салабаттуу, токтоо, омоктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…он, / Өзөнү токой чер болгон, / Төрлөрү тулаң күр болгон, / Эгин эксе мол болгон, / Аз айдаса көп болгон, / Ороонун баары жык толгон, / Азып-тозуп баргандар, / Байыр алып токтолгон, / Бай-жардысы билгисиз, / Баарынын карды ток болгон, / Энесай элин башкарган, / Кал Мамай деген хан болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баркөлгө барып бай Жакып, / Анда турбай байыр алып, / Буурултокой көчүптүр, / Чыңгыш берген катты алып, / Буурултокой келгенде, / “Хан Жакып” деген атты алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара байыр казан ат, / Теңдеши жок так экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир жерге байыр алып турган жан эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →