байчечекей
- Кар кетери менен жаз алдында чыга турган майда ак, сары гүлдүү өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чөптөрү белден буралган, / Байчечекей сандаган, / Тиктесе көз уйалган, / Ошончо жерге ээ болгон, / Ошончо элге баш болгон, / Казактардын Шерматкан, / Качырып кирген жеринде, / Карысынан кан болуп, / Ат карыдан жин болуп, / Туура кармап найзаны, / Көндүм болгон эр ошол, / Душман менен урушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баары жоктон улуу кеп, / Байчечекей сулуу кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чөбүн барып оттобой, / Түш көргөн айбан кубанган, / Адыры көдөө, кызгалдак, / Байчечекей гүл жайнап, / Жолукка сайган саймадай, / Түрчечекей ыргалат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тоонун баары оштонуп, / Томсоргон тоолор жок болуп, / Мойундарын көтөрүп, / Көргүн мени дегенсип, / Турнадай болуп койкойуп, / Гүлдүн баары чатырап, / Байчечекей жер жайнап, / Булбулдар сайрап, тил кайрап, / Муңдуунун көөнү ачылып, / Көк ала майдан жер бети, / Көргөндүн баары калды таң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →