байтерек

китептерде 75 жолу, 2 китепте
  1. Жалбырактары калың, туш-тушка тармакталып бутактап чыгуучу чоң терек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кармап Мунар жарбайбы, / Чүрпөдөй мойнун жулбайбы, / Жилигин жулуп ыргытып, / Этин жүндөй тытпайбы, / Байтеректей күчү бар, / Шумдугуна ынайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байтерек кеби акыл, деп, / Абыке басты макул, деп, / Аттарынын чылбыры, / Кармалуу жүргөн колунда, / Ойготом дейт түз барып, / Байтеректин ойунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Буруунун кара талаада, / Учурадым баатырга, / Кошулуп келе жатканбыз, / Бөлүнүп калдым арада, / Бөлүнүп калыш себеби, / Байтеректей балада. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Кара калпак эли бар, / Шүкүрлүү бетбак жери бар, / Коромжу менен Калдуубет, / Кол салды деп тынч элге, / Абыке менен Байтерек, / Айтып келген кеби бар, / Кордук көргөн ал элдин, / Жүрөгүндө чери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →