байтал
- Кулундай элек ургаачы жылкы.
- диал. Бээлерге карата колдонулуучу жалпы ат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кемерин алган эсирди, / Шок дүйнөгө жетинди, / Түлөөгө малы айдалды, / Көкжал шердин күмбөзгө, / Токсон субай арналды, / Кошо барган киши көп, / Жетелеп бирден байталды, / Курмандыкка жараган, / Бейиштен чыккан малы, деп, / Эң алдында кой чалып, / Андан кийин уй чалып, / Бул дагы ача туйак, деп, / Асый каймал төө чалып, / Анда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укмуш кулак эл айтат, / Көптү көрүп билгендер, / Катын-эркек тең айтат: / “Энеси жорго байталдан, / Куйбу кулун” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жамандык мага болот — деп, / Эч нерсе албай ойуна, / Жылкыдан тандап жүз байтал, / Алып калды сойууга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Элебес байталды жана бир теминип алат да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →