байсал

китептерде 2 жолу
  1. сейр. Тынч, жайчылык, жайкерчилик, тынччылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үн баштарда, / Мындайча деп айтарда, / Бай Жакып бойун күүлөдү, / Манаска карай сүйлөдү: / — Катының эркек туур, — деп, / Как ошол туура жообу, — деп, / Кармап байсал сакалды, / Хан Жакып жана айткалы, / Обдулуп бир аз калганда, / Оозун камдап жатканда, / Кабылан Манас баатырың, / Карматып калды шайтанын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…руна канжар малам, — деп, / Толтодон кармап жүрөгүн, / Кылдай сууруп алам, — деп, / Сызгырылтып майларын, / Жилигин отко жагам, — деп, / Алтын тагын коморуп, / Байсалды анан табам, — деп, / Камынып калган кези экен, / Ал Манаска барганга, / Жаңдаган аскер өтө көп, / Тиккен чатыр баары көк, / Байкап көрсө адамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →