байрак
- Желек, туу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байрагын таанып кыргыздын: / «Кандай жумуш билем, — деп, / Бекбача баатыр бар болсо, / Уруксат кылып жол койсо, / Нурзат шаага барайын, / Периден алып аскерди / Ким да …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бузулган пейли кызталак, / Кызыл байрак башында, / Таштаган экен Сейитек, / Өзү он эки жашында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калкылдаган калың кол, / Маңдайлаша барышты, / Байрактарын сайышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычташып урушуп, / Кызыл канды кечпейли, / Бөлүнүп жолго салалы, / Кеңколдой элге баралы, / Байрак тиктеп, туу кармап, / Анан уруш кылалы, / Эп келеби, кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кара байрак, алтын туу, / Алп Коңурбай туусу бу, / Бир азамат көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →