байпак

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Тизеге чейин же тизеден өткөн узундуктагы, машинанын жардамы же колдон токулуп жасалып, бут кийимдин ичинен кийилүүчү жука кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжуулардын балбаны, / Бастырып жөнөп калганы, / Эки бети томпогой, / Туурасы жоон кортогой, / Узун эмес, кыска эмес, / Өлчөгөндөй орто бой, / Токойдон чыга калгандай, / Жапаа каман түрү бар, / Жан алуучу сүрү бар, / Эки беттин отунда, / Бир байпактын жүнү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айдары кара түпөктөй, / Бетиндеки сары түк, / Беш байпактуу жүн экен, / Карап турат эки эрен, / Келаткан киши ким экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өрттөй көзү жалындап, / Оозунан түтүн бурулдап, / Эки жаакта саксайып, / Беш байпактык түк турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бек ачуусу келиптир, / Эки бетин карасаң, / Беш байпактык жүн чыгып, / Тизеге чокмор тийгенде, / Найза түшүп кетиптир, / Кетелекте Ойроттун, / Эми колу жетиптир, / Опсуз баатыр Сомбилек, / Чокмор менен нетиптир, / Чокмор тийип шилиге, / Өткөзө талуу жерине, / Ээрден көчүк кыйшайып, / Оодарылып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жадаса бутубузга кийип турган байпагыбыздан өйдө чечип бердик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →