байлык
- Көп сандагы мал-мүлк, акча, кымбат баалуу буюмдар, асыл заттар.
- Бай табигый кенч, ар кандай материалдык кенч.
- Толук жетиштүүлүк, көптүк, молдук, жакшы сапаттарга бай экендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Агасындай бел болгон, / Алты жүз эле жылкысы, / Азыр алты миң болгон, / Байлыгы журтка дүң болгон, / Көңүлү калып казактан, / Козголуп чыгып бер жакка, / Келет окшойт сиз жакка, / Көргөн түшүң төп болсун, / Тууруңа сыймык бак консун, / Жор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бар жерине Бейжиндин, / Жапа жемиш чыгат дейт, / Барган киши кумардан, / Баары ачылып канат дейт, / Жер байлыгы ошондой, / Карып бакыр, мискиндер, / Эптеп оокат табат дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Малың арбып, баш арбып, / Байлыгың элге таанылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Байлык жагына келгенде бул Кең-Сууда Чыңгышбай уулунан ашып түшкөн бай кем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анткени Ак дөө, Кара дөө деген чыгып, элдин байлыгын, мал-салын талап ала баштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →