байлооч
- Ат байлай турган мамы, казык.
- Алгыр куштарды кармоо үчүн жайылган тордун ичине байланган көгүчкөн, таан ж.б. Байлоочко арналган көгүчкөн.
- Эч нерсеге жарабаган, колунан эч нерсе келбеген (көбүнчө адамга, кээде салууга жарабаган бүркүткө карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Биз ор казган кезекте, / Көз байлоочу сыйкырдан, / Алтоо-жетөө келиптир, / Көзү менен көрүшүп, / Топосун алып барышып, / Айкындашып билиптир, / Барын билип болгондо, / Бекбачасы күлүптүр, / Эл башкарган Бактыбай, / Аскерди алты бөлүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Купуйа окуп буларды, / Көз байлоочу дубаны, / Маскара кылып дөөлөрдү, / Татылданын үстүнө, / Басып өзү киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…а тоо болуп, / Кайгырып ичтен кан өтүп, / Калп эле ыкшып жөтөлүп, / Амалсыздан Тапан хан, / Эс-акылы жоголуп, / Чукуп алган немедей, / Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасында кулуйуп: / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кармап алды билектен, / — Жүз кубулган кара бет, / Калпты таап келгениң, / Башынан көргөн жер беле, / Же көз байлоочу сер беле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Түп атасы айкөлдүн, / Бээ байлоочу чынарга, / Жетип калган убагы, / Үч жылдан бери карата, / Куураган өнбөй бул чынар, / Карылар ойлоп жүрүүчү, / “Кайдан бизге жоо чыгар?”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →