байлаш2

китептерде 28 жолу, 9 китепте
  1. Сөз талашуу, талашка коюп мелдешүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбектен көөн ооруп, / Жүрүчү элем мурун мен, / Сөз байлашкан киши элем, / Медеркан менен түбүнөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…качкан күн болсо, / Каткан туздай бололу, / Сууга басып баралы, / Суу жутушуп алалы, / Ушул кепти ким бузса, / Суудай кургап калалы, / Бадананы токтотуп, / Сөз байлашып жаналык, / Билмексен болуп Саламат, / Кыргызга барып аралап, / Үйүңө барып камың кыл, / Биздер камды кылалы, / Келер жылы он айда, / Дабытай менен Ачакан, / Бу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Бактылуу менен байлашып, / Багың тайды, билбедиң, / Күчтүү менен күрөшүп, / Күчүң жанган кезегиң, / Саа береби Каныкей, / Сабылып көчүп не келдиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элүү эки эр өлбөй, / Тирүү калбай мен өлбөй, / Сексен миң аскер тең өлбөй, / Сөз байлашкан куткарбас, / Маа кошулуп ал өлбөй, / Кантип берем сулууну, / Айтканымдын бары өлбөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →