байламта

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Суу тосулган жер, сууну бөгөп же башка жакка буруп жиберүүчү бөгөт.
  2. грам. Сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруучу кызматчы сөз: да, менен, жана ж. б.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сулуудан тандап кыз алгын, / Жез оймоктон уз алгын, / Канаттуудан куш алгын, / Аргымак тандап ат алгын, / Айры өркөчтөн төө алгын, / Лахасаны жана алгын, / Байламталуу сөз алгын, / Аз албагын көп алгын, / Кирсиз көөнүң агарсын, / Он күндүк бер каралды, / Тайарлайын кемитпей, / Колумдан келген амалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалгыз кыз Кылжыке, / Арак сунат ал дөөгө, / Эл башкарган зоруңду айт, / Өз атаңды танбай айт, / Хан Сулаймат баладан, / Байламталуу кеп сурайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Байламта көңүл сүйгөнгө, / Эркиндик барбы биздерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Байламта жок түйүнсүз, / Кепти такыр ал айтпайт, / Алыке менен Сатыке, / Катар экөө күтүнүп, / Алдынан тосуп түшүрүп, / Салам айтып сактанып, / Салган куштай таптанып, / Көргөн адам таң калат, / Жаш Сейтек залкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арбагы Манас колдо, деп, / Айгайлашып эл чуулап, / Байгеге сайган миң малды, / Санап туруп бир алды, / Жээн болуп, тай болуп, / Байламтасы бар болуп, / Ак калпак кыргыз элинен, / Жергелеш болгон ал элге, / Кыргыздан кыйла бар болуп, / Жаңы бийи Байтерек, / Кыргыздын уулу ал болуп, / Калбай кыргыз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →