байлалуу

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Байланып коюлган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байлалуу турган Тору атты, / Барча тоодой мен көрдүм, / Жанында турган баатырды, / Баарын жутчуу эр көрдүм, / Темир шааны өлтүрүп, / Хан тактага мингенде, / Мен ошол күнү өлгөмүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…на, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши таң калат, / Бул капырдын өзүнө, / Өчөшүп жаман келатат, / Темиркөккө … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ин салыптыр: / — Белсазды ашып кыркууга, / Кийик уулап барганбыз, / Көкойдуңдун Кырчынга, / Бир үйлүү калмак калыптыр, / Калбаптыр бирөө ырымга, / Желеде кулун байлалуу, / Көгөндө козу байлалуу, / Торпоктор турат мөөрөшүп, / Инектер турат каңгырап, / Өкүрүшүп заңгырап, / Койлору турат маарашып, / Эчкилерден сүт агып, / Баккан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлтүрүп бизди салбады, / Калтырбай атты айдады, / Аралап келип чогууга, / Ушул болду айтканы: / “Эл ичинде эрдемсип, / Жүрүпсүңөр онуңар, / Байлалуу, эмес бош эле / Балта чабар колуңар, / Катышпадым, таштадым, / Тигинеке колуңар, / Аркаман бар эр болсоң, / Бузук болсо ойуңар, / Көк кептердей толгонуп, / Үзү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Экөө чуркап жанаша, / Тайгандарды караса, / Кара кашка аргымак, / Байлалуу турат жыгачта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →