байке

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Өзүнөн улуу эркек бир тууган.
  2. Аталаш туугандардын өзүнөн улуу агалары.
  3. Өзүнөн улуу эркек адамдарга кайрылуу иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ңгенде, / Кутказып элди келгенде, / Билинбей кетип Шаатемир, / Бадыкөлдүн ордодон, / Бир кыз алып келди эле, / Кызы дешип кыргыздын, / Сиңдиң сенин деди эле, / Байкем мага берди эле, / Чын болсо анын шол жашы, / Жыйырма бирге тайады, / Кыр-кырынан карасаң, / Кыргыйектей сыйагы, / Мактабайым сиңдимди, / Менден өйдө кыйалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Байке, бир киши мамыдагы атты чечип жатат,— деп үйгө жүгүрүп кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →