байкаста
- Байкас кылуу, байкоо, байкап билүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Булардын баарын биздерди, / Ойлосоң керек билбейт, деп, / Байкастабай сен артың, / Байатан какан журтуна, / Сен өткөрдүң далай кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сакал буурул, мурут ак, / Булкулдаштык ушул жак, / Кеткен экен биздерден, / Кайрат кылар жаш убак, / Акылман кайран Алакең, / Караса аны байкастап, / Намысы жок бу айар, / Оозу сүйлөп кажыдап, / Темир боолук жанында, / Чечип жатат тырмалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баштан акыр бар кепти, / Гүлнар турган байкастап, / Башында барда дегенде, / Токтобой акты көздөн жаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Байкастаса кара аркар, / Төрт айагын жыйнады, / Башын өөдө кылбады, / Кирет деп далда секирсе, / Дайарланып калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коромжубу, Калдуубет, / Капташтымбы буга, деп, / Байкастаса авазир, / Түрү суук кептенбейт, / Жүрөгү коркуп лакылдап, / Авазир кыз шектенбейт, / Тынымкан айткан жаңкы түш, / Авазир кызга элестейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →