байкас2
- диал. Көз салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатыр Манас козголуп, / Ок жыландай октолуп: / — Олуйа Кошой, зор Бакай, / Алп Жамгырчы, Бөлөкбай, / Менин чабар жарагым, / Байкас кылып угуңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала кармабай, / Көзүңдү ачып байкасаң, / Деп ошентип Алмамбет, / Болду толук айтып кеп, / Байкастоого кууларды, / Белгиледи буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнет акыл таптырбайт, / Ажал кабар айттырбайт, / Коңурбайдын артынан, / Кууп кетсе иниңди, / Байкасташып жүргүлө, / Акмалап бири-бириңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкас кылып турушуп, / Журт бийлеген Кара хан / Эси кетип далдайып, / Эки колу шалдайып, / Бүткөн бойу чымырап, / Көзүнөн жашы дыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →